МАНЖУР-КОРЕЙ ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы соңку нуска

МАНЖУР-КОРЕЙ ТООЛОРУ - Кытайдын түндүк- чыгышы менен Корей Элдик Демокр. Респ-нын (КЭДР) түндүгүндөгү жана Россиядагы (Приморье крайында, чыгыш тарамактары) тоо система­сы. Узундугу 1500 км, туурасы 500 км. Уссури дарыясынын ортонку агымынын өрөөнүнөн Ляодунь жарым аралынын четине чейин созулат. Тоону Ялуцзян жана Ту­мыньцзян дарыясынын өрөөндөрү экиге - бийик Түндүк- Корей (эң бийик жери Пэктусан жанартоосун­дагы Байтоушань чокусу, бийиктиги 2750 я: КЭДР­дин аймагында) жана жапыз Чыгыш Маньжур (бийиктиги 2106 м) тоолоруна бөлөт. Чыгыш Мань­жур тоосу жарыш жаткан бир нече кырка тоо­лорду камтыйт. Алар дарыя өрөөндөрү жана тоо аралык ойдуңдар менен терең тилмеленген. Гра­нит, метаморфизмделген тектерден жана акиташ­тан түзүлгөн. Темир, алтын, жез, никель, воль­фрам жана таш көмүр кендери бар. Климаты ме­лүүн муссондук. Кышы суук (ички бөлүгүндө ка­таал), январдын орт. температурасы -6°С...-22°С, жайы жылуу, июлдуку 18-24°С. Жазы жана ийне жалбырактуу токойлор улам бийиктеген сайын таш кайың, бал карагай, мамык чөп-эңилчектүү тундра жана альп шалбаасы менен алмашат. Био­сфера резерваттары - Чанбайшань (Кытай) жана Пэктусан тоосу (КЭДР) уюштурулган.