МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫ - мамлекеттик органдарды кармоо жана алардын функцияларын аткарышы үчүн зарыл акча фонддорунун түзүлүш жана бөлүштүрүлүш системасы, экономикалык мамилелердин жыйындысы. Термин алгач 16-к-да Францияда колдонулган. Анын негизги максаты өлкөнүн өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн финансы ресурстарын түзүү жана туура колдонуу болот. Жалпы М. ф-га төмөндөгүлөр кирет: мамлекеттик бюджет, пенсиялык фонд, социалдык жана медициналык камсыздандыруу фондулары, бюджеттен сырткары ар түрдүү фондулар ж. б. М. ф-нын көпчүлүк бөлүгү салыктардын эсебинен түзүлөт да, ал улуттук кирешенин олуттуу бөлүгү катары кайрадан бөлүштүрүлүп турат. Бул жыл сайын кабыл алынуучу бюджет жөнүндө мыйзамга негизделген актылар менен жөнгө салынат, к. Фискалдык саясат.