МАТЕРИАЛДЫК БАЛАНС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска

МАТЕРИАЛДЫК БАЛАНС - материалдык ре­сурстардын көлөмүнө ылайык алардын киреше­чыгаша булагын жана масштабын каттаган ба­ланс. Ал каралуучу объектинин белгиленген уба­кыт чөлкөмүндө мурдакы же учурдагы жыйнал­ган заттардын киреше-чыгаша катышын мүм­күнчүлүк эсеби аркылуу карайт. Баланстын таб­лицасы эки бөлүктөн турат. Биринчисинде ошол продукту боюнча ресурстардын пайда болуучу бу­лактары - мезгилдин башталышына карата калдыктар, отчёт берилүүчү мезгилдеги өндүрүү, импорт ж. б. ресурстардын келип түшүшү көрсөтүлөт. Экинчисинде - ресурстарды пайда­лануунун негизги багыттары - өндүрүштүк-экс­плуатациялык муктаждыктар, курулуш, ры­ноктук фонд, рынок, экспорт, башка чыгым­дар, жылдын аягына карата калдыктар көрсө­түлөт. М. б. айрым техникалык операциялар үчүн да эсептелинет. Мисалы, геологияда нефть жана газ кен­деринин динамикалык моделин түзүүдө ж. б.