МАРТЕН МЕШИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска

МАРТЕН МЕШИ - чоюн жана болот сыныкта­рын кайра иштетип, белгилүү химиялык курамдагы жана сапаттагы болот эритүүчү жалындуу реге­нерациялык меш. Ал П. Мартендин ысмынан аталган. Алгачкы М. м. 1864-жылы Францияда жа­салган. 250-300 глык же андан чоң көлөмдө ку­рулат. М. мененин жумушчу бөлүгү шып, таман, алдынкы жана арткы капталдан турат. Ал жер­де эритүү процесси жүргүзүлөт (к. сүрөт). Ага отун менен аба мештин оң жана сол капкактарынан жи­берилет. М. мененин бардык элементтери отко чы­дамдуу (туруктуу) материалдардан курулат. Ма­териалдын тибине карата М. м. негиздик жана кычкыл болуп бөлүнөт. Негиздик М.м. магнезит, магнезит-хром, хром-магнезит кыш­тарынан жана магнезит порошогунан, ал эми к ы ч к ы л М. м. дипас кыш менен кварц куму­нан тургузулат. М. мененде суюк (мазут) же газ (табигый, аралаш, генератор газы) отуну пай­даланылат. Аралаш (кокс жана домна газы) жана генератор газдары генераторлор аркылуу 1150°Сге чейин ысытылып, мештин жумушчу бөлүмүнө

Мартен мешинин иштөө схемасы: А - газдалган аба аралашмасын үйлөтүү (киргизүү); В - жылуулук ал­маштыргыч (ысытуу); С - суюк чоюн; В - көрүктүн очогу; Е - жылуулук алмаштыргыч (муздатуу); иштетилген газды чыгаруу.

жиберилет. Табигый газ жана мазут ысытылбай эле колдонулат. Температурасы 400-800°Сге жеткен жылуулук утилизатор-казандар аркылуу пай­даланылат. М. мененин өндүрүмдүүлүгүн жого­рулатуу үчүн кычкылтекти колдонуу 20-к-дын 60-жылдарында регенератору жок эки ванна­луу мештин жасалышына түрткү болду. Ири М. мененин жылдык өндүрүмдүүлүгү 0,5 миллион т.