МАРСЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы нуска

МАРСЕЛЬ - Франциянын түштүгүндөгү шаар. Жер Ортолук деңиздин Лион булуңунун жээгин­де, Рона дарыясынын чатына жакын жерде жайгаш­кан ири порт (жылына 100 миллион т жүк ташы­лат). Буш-дю-Рон департаментинин администрациялык борбо­ру. Калкы 780 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Парижден кийинки 2-шаар). Шаар ай­ланасы жана шаар жандоочулары менен Марсель шаар агломерациясын (калкы 1,6 миллион) түзөт. Франциядагы эң көп улуттуу шаар. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Биздин заманга чейинки 600-жылы гректердин ээлиги (Массалия) катары не­гизделген. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, кеме жана авиа куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Бир нече университеттер жана музейлер (анын ичинде археол., көркөм­өнөр, Эски Марсель, антика соодасы ж. б.) бар. Шаардын эски бөлүгүндө роман-готика стилин­деги Сен-Виктор чиркөөсү (11-15-кылым, крипта - 5-кылым), Ла-Мажор эски собору (12-15- к.), Нотр­Дам-де-ла-Град (14-кылым) сакталган. Жыл сайын китеп майрамы, фестивалдар (орус театры, до­кумент кинолордун, музыка), М. ярмаркасы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, зоопарк, аквариум уюштурулган. Круиз туризми (640 миңге жакын круиз кемелери бар, 2010) өнүккөн.