МАМЫТОВ Жолон: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска
МАМЫТОВ Жолон (1. 4. 1940, Ош обл„ КараСуу району, Төлөйкөн айылы - 8. 3. 1989, Москва ш„ сөөгү Бишкекке коюлган) - акын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1989, өлгөндөн кийин), 1968-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1962-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. 1962-65-жылы

Ош шаарындагы ветлабораторияда ветврач, Кара-Суу районундагы Катта-Талдык асыл тукум мал чарбасында башкы ветврач, 1965-66-жылы Кыргыз ССР ЛКЖС БКда инструктор, 1971-жылы Ош обл. телерадиосунда улук жана башкы редактор, 1974-80-жылы Кыргызстан кинематографисттер
союзунда жооптуу секретарь, 1980-83-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1983-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, төраганын биринчи орун басары болуп иштеген. 1969-жылы «Отту сүйөм» деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. «Суунун өмүрү», «Эр Чилтен» ыр жыйнактары жана куурчак театры үчүн жазылган «Түркүк эненин балдары» пьесасы, «Олокон» мультфильминин сценарийи үчүн 1981-жылы Ленин комсомолу сыйлыгы берилген. М. - киносценарийлердин, либреттолордун автору. 1987-жылы анын либреттосу боюнча «Сепил» операсы коюлган. М. Слуцкис, Ф. Тютчев, А. Фет, В. Маяковский, О. Сулейменов ж. б. акындардын ырларын кыргыз тилине которгон.