МАМЫРКУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска

МАМЫРКУЛОВ Алик Бейшенович (10. 4. 1956- жылы туулган, Ош) - милициянын генерал-майору (2003). Алматы жогорку жалпы командалык окуу жайын (1977), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1992) бүтүргөн. 1977-81-жылы 0. Азия, 1981-92-жылы Түрк­стан аскер округдарында взвод, рота, батальон ко­мандири, штаб башчысы, 1992-97-жылы Казакстан Респ. гвардиясында бригаданын командири, командирдин 1-орун басары, 1997-98-жылы

КР ИИМде бөлүмдүн на­чальниги, аскер кызматы

жана күжүрмөн даярдык боюнча командачынын орун басары-начальниги, 1999-2002-жылы КРдин коргоо министрлигинде чек ара кызматы, чек ара коргоо башкы башкармалыктарында на­чальниктин орун басары, штаб начальниги-на­чальниктин 1-орун басары, начальниги, 2002- 03-жылы КР коргоо министринин орун басары, КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабында мини­стрдин 1-орун басары, штаб начальниги, 2004- 09-жылы КР Коопсуздук кеңешинин башкы инс­пектору, 2011-жылдан КР Өкмөтүнүн аппара­тында бөлүмдүн инспектору, бөлүм башчынын орун басары. Кызыл Жылдыз ордени менен сый­ланган.