МАМБЕТСЕИТОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТСЕИТОВА Зинаида (16. 1. 1916, азыркы Ысык-Көл обл., Түп району, Сары-Булак айылы - 12. 11. 1988, ошол эле жер) - кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы журналист, педагог, коомдук ишмер. М. Пржевальск педагогикалык окуу жайын бүтүргөн (1937). Кең-Суу айылында башталгыч мектепте мугалим (1932-35), Сары-Булак айылында толук эмес орто мектепте бөлүм башчы (1935-38), директор (1942), р-ндук «Колхоз Жолу» гезитинин редактору (1941-43), ЫсыкКөл облаткомунда жооптуу секретарь (1943-45), Кыргызстан КП ЗКнын алдындагы партиялык мектептин угуучусу (1946-48, 1950-53), «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы (1948-49), Ош облаткомунда бөлүм башчы (1953-56), төраганын орун басары (1957-59), Ош обкомунда бөлүм башчы (1959-60), ошол эле жерде мектептер боюнча инструктор (1960), Билим берүү министрлигинде бөлүм башчы (1960-64), Респ. жалпы билим берүү мектебинин сырттан окуу бөлүмүнүн директору (1964-67), КР Мамлекеттик архивинин кызматкери болуп эмгектенген (1969-82). Ошондой эле «Өмүр барактары», «Өчпөсиз», «Элдин сыймыктуу кыздары», «Айыл саптары», «Сыр чечкенде» ж. б. көркөм чыгармаларды жазган. Айылдык мектепке ысмы берилген.