МАМБЕТОВ Жаныбек Султанбаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМБЕТОВ Жаныбек Султанбаевич (26.7.1961- жылы туулган, азыркы Ысык-Көл обл, Тоң району, Тоң айылы) - уролог, медицина илимдеринин доктору (2005), профессор (2006). КММИни бүтүргөн (1984). Бишкектеги № 1 ШКОнун урология бөлүмүндө врач (1985-91), Тоң р-ндук ооруканада башкы врач (1991-96), Бишкектеги № 1 ШКОдо жана по­ликлиникада врач, бөлүм башчы болуп иште­ген (1996-2002). КРдин Саламаттык сактоо ми­нистрлигинин Улуттук госпиталында урология бөлүмүнүн башчысы, 2006-жылдан КММАда профессор КРдин саламаттык сактоосунун отлични­ги, Урологдордун илимий коомунун, Респ. хирургдар ассоциациясынын, Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциясынын, Түркия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн андрологдор ассоциациясынын мүчөсү. Хирургия жана урология боюнча адис. 111ге жакын илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 5 ойлоп табуулары бар.

Эмг.: Острой оркоэпидидимит. Б., 2012; Хрони­ческий простатит. Б., 2004.