МАМАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМАЙ [туулган жылы белгисиз - 1380, Каффа (азыркы Фео­досия ш.)] - Алтын Ордонун аскердик жана мамлекеттик ишмери. Бердибек хандын (1357-61) күйөө ба­ласы. 1362-жылы Алтын Ордонун батыш бөлүгү (Крымдан Волганын оң жээгине чейин) толук бойдон М-дын карамагында болгон. Ал Европа мамлекеттери менен (Генуя, Улуу Литва князды­гы, Венеция ж. б.) достук мамиле түзүүгө ара­кеттенген. Алтын Ордонун күч-кубатын калы­бына келтирүү үчүн аракеттенип, орустарга кар­шы бир нече жолу казатка аттанган. Анын ко­шууну Рязань (1373, 1378) жана Нижегород (1378) княздыктарына бир топ зыян келтирип, Моск­ва княздыгына чабуул жасоодо Воже дарыясындагы (1378) жана Дондогу [Куликов салгылашы (1380)] салгылаштарда Москва князы Дмитрий Дон­скойдон жеңилүүгө учураган. 1380-жылы Калка дарыясында Токтомуш М-дын аскерлерин талкалап, Алтын Ордону толук бойдон өзүнө караткан. М. Каффага качып, ошол жерде өлтүрүлгөн.

Ад.: Трепавлов В. В. Золотая Орда в XIV столетии М., 2010; Мамай: опыт исторической антологии. Казань, 2010.