МАЛ ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛ ЧАРБАСЫ - а. ч. тармагы; калкты азыктүлүк (эт, сүт, май, жумуртка ж. б.), жеңил ө. ж-н сырьё (жүн, тери ж. б.) менен камсыз кылатынча М. ч-нан тоют (сөөк уну), дары (гормон), органикалык жер семирткич (кык) да алынат. М. ч-нын өнүгүшү, анын продукттуулугу дыйканчылыкка (талаачылыкка), жерди ургаалдуу пайдаланууга тыгыз байланыштуу. М. ч-нын тармактары: жылкы чарбасы, кой чарбасы, уй чарбасы, төө чарбасы, эчки чарбасы, коён чарбасы, аары чарбасы, бугу чарбасы, ит чарбасы ж. б. М. ч. эң байыркы убакта жапайы жаныбарды колго үйүр алдырып, чарбалык керектөөлөргө пайдалана баштаган кезден пайда болгон.
М. ч. зоотехния, өсүмдүк өстүрүүчүлүк илимине тыгыз байланыштуу. М. ч. продукциясын алуу мал санын өстүрүүнүн жана анын продукттуулугун жогорулатуунун эсебинен көбөйтүлөт. Дүйнөдө малдын саны 1980-жылдардын башында: уй 1338,8 миллион, кой жана эчки 1529,7 миллион, чочко 761,1 миллион баш болгон. Кыргызстанда жер шартынын ыңгайлуулугуна байланыштуу М. ч. жакшы өнүгүп келген. Анда 1987-жылы 1161,0 миң уй, 10005,1 миң кой, 384,7 миң эчки, 293,4 мин жылкы, 387,6 миң чочко болгон. М. ч. туруктуу тоют базасын түзүү, малдын породаларын жакшыртуу, мал короо-сарайларын зоогигиеналык талапка ылайык куруу, мал чарба жумуштарын механикалаштыруу, эмгекти уюштуруу формаларын, зоовет. тейлөө иштерин өркүндөтүү аркылуу өнүгөт. Өлкөдө малдын бОтан ашуун породасы чыгарылып, жергиликтүү аз продукттуу породалар жакшыртылган. Ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз жаңы жылкысы, кыргыз уяң жундуу кою, тянь-шань кою, алай кою сыяктуу мал породалары чыгарылган.