МАЛАЙЯ АРХИПЕЛАГЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска
МАЛАЙЯ АРХИПЕЛАГЫ - Жер шарындагы аралдардын эң көп топтолгон жери. Жалпы аянты 2 миллион км2дей болгон 10 миңдей аралдан турат. Азия жана Австралия материктеринин аралыгындагы Чоң жана Кичи Зонд (анын ичинде Калимантан, Суматра Ява, Сулавеси), Филиппин (Лусон, Минданао ж. б.), Молукка ж. б. аралдар тобун камтыйт. Архипелаг негизинен Индонезия, Малайзия жана Филиппин мамлекетинин курамына кирет. Орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор басымдуу; эң бийик жери 4101 м (Калимантан айылындагы Кинабалу чокусу). 0. эле дөбөлүү түздүктөр жана ойдуңдар да бар. М. а. соңку кайнозой жана азыркы бүктөлүштөргө
кирет. Вулканизм өнүккөн; ЗЗОдан ашуун жанартоо бар, аракеттегилери ЮОдөн ашуун; эң белгилүүсү - Кракатау. М. а-нда алмаздын дүйнөдөгү эң ири кендери бар; ошондой эле нефть, темир, никель, вольфрам, марганец кенташтарына, бокситке бай. Архипелагдын борбордук бөлүгү экватор, чет-жакалары Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын субэкватор алкактарында жатат. Абанын температурасы жыл ичинде анча өзгөрбөйт (түздүктөрдө 23-26°С, тоолордо 15-17°С). Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000-2000 мм, тоолордун айрым жерлеринде 5000 ммден ашык. Экватор алкагында жаан-чачын жыл бою бир кылка, субэкватор алкактарында муссондук циркуляцияга байланыштуу көбүнчө жайында жаайт (жыл мезгилдери эки Жарым шарда эки башка). Дарыялары жыш, суусу молекулалык Жетиштүү же ашыкча нымдуу аймактарда кызыл же латериттик, жетишсиз болгон жерлерде кызылкоңур жана күрөң, өрөөндөрүндө аллювий-шалбаа жана шалбаа-саз топурактары басымдуу. М. а. - Жер шарындагы флорага эң бай регион; Ява а-нда гана бОООден, Калимантанда ИОООден ашык түрү бар. Эндемизми да зор; эндемиктик уруу 500дөн ашык, ал эми түрү 30- 35% ке жетет. Өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Түздүктөрүн жана жапыз тоолорун (1200-1300 м бийиктикке чейин) нымдуу тропиктик дайыма жашыл токой ээлейт; курамы өтө ар түрдүү: пальма (ЗООгө жакын түрү бар), панданус, бамбук, расамал, фикус, жапайы алма ж. б.; андан жогору дайыма жашыл токой ээлеп, ага субтропик флорасынын өкүлдөрү аралашат. Деңиз деңгээлинен 2000-4000 м бийикте мамык чөптүү, ашыкча нымдуу тоо токою жогору карай бадалдар_ жана тоо шалбаа тилкелери менен алмашат. Субэкватор алкактарында жалбырагы күбүлмө муссон токою жана саванна басымдуу. Дельталарда жана деңиз жээктеринде мангр токою таралган. Түздүктөрүнүн басымдуу бөлүгү айдалып, анда шалы, тропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. М. а-н адам жана ит сымал маймылдар, пил, керик, малайя аюусу жана кызыл карышкыры, тери канаттар, абыргандар мекендейт.