МАТЕРИАЛДАР КАРШЫЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАТЕРИАЛДАР КАРШЫЛЬПЫ - курулмалар менен машина бөлүктөрүнүн, тетиктеринин бекем­диги жана деформацияланышы жөнүндөгү илим. Катуу нерселер сырткы күчтүн таасиринен де­формацияланып, микробөлүкчөлөрүнүн жайга­шуу абалы өзгөргөндүктөн, аларда ички чыңа­луу пайда болот. М. к. материалдын дал ошол чыңалууга болуучу каршылыгын изилдейт. М. к-н изилдөөдөгү негизги объект - нерсенин өзөгү (стержень) жана пластинкасы. М. к. теориялык механиканын закондору боюнча аныкталат. Мате­риалдын бышыктыгы менен деформацияланы­шын баалоочу физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү (агуу­чулук, бышыктык чектери, серпилгичтик мо­дулу ж. б.) сынагыч машиналар жана атайын өлчөгүч прибор - тензометр менен аныкталат. Ма­териалды чоюп, толгоп, кысып сынайт. Сыноо­нун негизинде чоюу-кысууга карата диаграмма түзүлөт. Сыноо диаграммасы менен М. к-н эсептөө ыкмаларын пайдаланып, берилген материалдан жасалган констр-нын (жөнөкөй, татаал) тетик­теринин бышыктыгын алдын ала айтууга бо­лот. М. к-нын азыркы убактагы негизги масе­лелери - материалдардын талкалануу шартын жана себебин аныктоо, нерсенин микрокөлөмүндө болуучу кубулуштарды изилдөө, жараканын пайда болушун жана чоноюп кетишин билүү. Азыр констр. жаны материалдар пайда бол­гондуктан, М. к-нын алдына ошол материал­дардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү бышыктык теориясын түзүү милдети коюлган. Машиналар, курулмалар ж. б. констр-дын бышыктыгын жана катуулутун эсептөө М. к-нын практикалык мааниси болуп эсептелет.

Ад.: Феодосеев В. И. Сопротивление материалов. М., 1999, Старовойтов Э. И„ Сопротивление материалов. М., 2008.