МАССАЛЫК САЯСИЙ АКЦИЯЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАССАЛЫК САЯСИЙ АКЦИЯЛАР - көпчүлүк (эмгек коллективи, коомдук уюм, жарандар тобу) аркылуу көчө-аянттарда, калктуу жерлерде өз оюн же нааразылыгын колдой турганын ачык же жабык билдирүүгө арналган аракеттер. М. с. а-дын негизги түрлөрүнө: митинг (бийлик, болбосо тигил же бул коомдун иш-аракети, коомдук-саясий жашоодогу окуяларга карата өз мамилесин билдирүү үчүн жарандардын массалык чогулушу); демонстрация (адамдар тобунун коомчулуктун көңүлүн ачыкка чыгаруу үчүн ураан, плакат ж. б. көрсөтмө каражаттарын пайдаланып чыгуусу); жүрүш (бул же тигил коомдук маселелерге көңүл бурдуруу максатында уюшулган адамдардын массалык кыймылы); пикеттер (өз көз караштарын билдирүү же коомчулуктун көңүлүн кандайдыр бир маселеге буруу үчүн жасалган аракеттер) кирет. Көптөгөн демокр. өлкөлөрдө (мисалы, Европа Союзу же АКШ) М. с. а-ды өткөрүүнүн алдында жергиликтүү бийликке билдирип коюу гана жетиштүү болсо, кээ бир мамлекеттерде (мисалы, Казакстан, Россия ж. б.) алдын ала уруксат алуу каралган. 2010-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда да М. с. а-ды өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликке алдын ала билдирип коюу жетиштүү экени белгиленген. М. с. а. учурунда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана жарандардын ага тоскоолдук кылууга акысы жок.