МАССАЛЫК МАДАНИЯТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАССАЛЫК МАДАНИЯТ — индустриялык жактан өнүккөн коомдун шартында кеңири та­раган массалык коммуникация каражаттары аркылуу калктын калың катмарларынын та­лаптарын канааттандырууга багытталган, азыр­кы коомдогу эң таасирдүү маданияттын бир түрү. М. м. тутумдаш топтун элитардык маданияты жана элдик маданияттын («жогоркулардын» маданиятын жана «төмөнкүлөрдүн» маданиятын) жарыш жаша­ган салттык коомдордун индустриялык жана мен­талдык негиздердин акырындап бузулушу менен коштолгон модернизация процессинин негизин­де пайда болгон. Глобалдык М. м-тын элемент­тери ар кандай региондорго улуттук маданияттар менен, кээде алардын элементтерин ийгиликтүү кошуп алуу менен чырмалышат. Басма сөз, басма продукция, радио, кинематограф, телекөрсөтүү, ошондой эле. компьютердик тармактар (сеттер), ком­муникациянын ж. б. эң жаңы каражаттары анын негизги таратуучу каналдары болуп кал­ды. М. м-ттын келип чыгышы калктын жалпы сабаттуу болгондугуна байланыштуу, бирок бүгүнкү коомдо «китеп» маданиятынын, тексттер жана түшүнүктөр формасында берилген маалы­маттын үлүшү электрондук-виртуалдык жана аудиовизуалдык каражаттардын жардамы менен берилүүчү «мультимедиалык» маданияттын, образ­дуу информациянын эсебинен акырындык менен азая берет. М. м-ты атайын аппарат, башкача айтканда изилдөө, долборлоо, пропагандалоо иштерин уюштуруучу жогорку классификациялуу адис­тер жайылтат. Анын үлгүлөрү нукура маданий байлыктарга кошула албайт, алар карапайым калктын аң-сезимин тумандатууга, өз алдынча ойлонушуна мүмкүнчүлүк бербөөгө кызмат кылат.

Ад.: Семенов В. А. Массовая культура в современном мире. СПб., 1991; Костина А. В. Массовая культура феномен постиндустриального общества. 5-е изд. М., 2010. Т. Эсенгелдиев.