МАСАНЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАСАНЧИ Магаза [14 (27). 7.1885, Пишпек уез­ди, Кара-Коңуз (азыркы Чүй району, Масанчи) кыш. - 1938] - Орто Азия жана Казакстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоого салым кошкон­дордон. 1908-17-жылы падыша армиясында кыз­мат өтөп, 1918-жылы болыпевиктер партиясына мүчө болгон. Ташкенттеги Убактылуу өкмөттү кулатууга (1917), Кокон автономиясын жоюу­га (1918, февраль), Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүүгө (1919-20), Ташкент, Каракол, Верныйдагы советтерге каршы козголоңдорду басууга катышкан. 1919-жылы партиянын тапшыр­масы менен жергиликтүү элден батальон түзүүнү колго алган (кийин III Интернационал атындагы мусулман полку). Туркстан АССРинин Революциячыл аскер со­ветинин чечими менен 1920-жылы түркстандык дун­гандардан атчандар полкун уюштуруп, 1921-жылы Жети-Суу жана Фергана өрөөнүндөгү басмачы­ларды талкалоого катышкан. Ошол эле жылы Түркстан БАКтын мүчөсү болгон. Коминтерн­дин III конгрессинде В. И. Ленин менен жолугуш­кан. 1922-жылы Түркстан жаштар союзунун аты­нан жети-суулук комсомолдордун 3-съездине ар­дактуу мүчө болуп шайланган. 1932-38-жылы Өз­бекстанда юстиция эл комиссарынын орун ба­сары болуп иштеген.