МАРШАЛЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАРШАЛЛ Альфред (26. 7. 1842, Лондон - 13. 7. 1924, Кембридж) - англ. экономист. 1965-жылы Кембридж университетин бүткөн. 1965-08-жылы Вристоль, Оксфорд, Кембридж университеттеринде саясий экономиядан сабак берген. Королдор экономикалык коомун (1890) негиздөөчүлөрдүн бири. М-дын «Экономикалык илимдердин принцип­тери» (1890) деген эмгегинде аны дүйнөгө таа­ныткан экономикалык теориясынын негизи чагылдырыл­ган. Ал классикалык, неоклассикалык, саясий экономия менен маржинализмди айкалышты­рып, саясий экономия илимине негиз салган. Негизги факторлору - пайдалуу рынок баасы жана керектөө үчүн жумшалган акча кирешеси. Анын жогоруда аталган эмгеги учурда да АКШ менен Англияда негизги окуу куралы катары кол­донулат.