МАРШ (аскердик): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАРШ (фр. marche - салтанаттуу жүрүш, алга жылуу) - белгиленген убакытта болжогон чекке жетүү үчүн аскерлердин уюшкандык менен алга жылуусу. Колонна түрүндө күжүрмөн машиналарда, транспорттук каражаттарда же жөө тартипте жүргүзүлөт. Согуш мезгилинде аскерлер фронтту көздөй, фронтту бойлой же фронттон оорукту карай; салгылашуунун алдында же душман менен кагылышуу коркунучу жок болгондо; массалык жок кылуу куралын колдонгондо же аны колдонуу коркунучунун шартында М. жасалышы мүмкүн. М. эреже катары түнкүсүн жашыруун түрдө, кээде (согуш аракеттеринин жүрүшүндө) күндүз да жасалат.
Б. Кышшообаев.