МАРКОВ Георгий Мокеевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАРКОВ Георгий Мокеевич [7(20). 4. 1911 - Том губерниясы, Новокусков кыш. - 26. 9. 1991, Москва] - орус совет жазуучусу, коомдук ишмер. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1930-32-жылы Томск университетинен окуган. Чыгармалары 1936- жылдан жарыялана баштаган. «Строговдор» деген тарыхый-революциялык романында (1-2-китеп, 1939-46) Сибирде Совет бийлигинин орношу, социалисттик өзгөрүштөр көрсөтүлгөн. Строговдор «династиясынын» кийинки тагдыры «Жер маңызы» (1- 2-китеп, 1954-60) деген романында улантылат. М. советтик адамдардын коммунизм идеалы үчүн күрөшүн даңазалаган «Ата жана бала», Октябрь революциясынын алдындагы Россиянын турмушу жөнүндөгү «Сибирь» (1-2-китеп, 1969-73) романэкилтигин, «Жөө аскер» (1947-48), «Хингандык шумкарлар» (1967) повесттерин жазган. Адабияттын актуалдуу маселелерин курч козгогон «Турмуш. Адабият. Жазуучу» (1971) деген макалалар жыйнагы да бар. СССР мамлекеттик (1952, 1974) жана Лениндик сыйлыгы (1976) лауреаты. Анын «Ата жана бала» романын 1984-жылы Ш. Абдылдаев, башка чыгармаларын А. Жанышев, К. Абдыкеримов кыргыз тилине которгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Чыг.: Хингандык шумкарлар. Ф., 1972; Сибирь, 1-2-китеп. Ф., 1975-76.
Ад.: Смоляницкий С. На земле отцов: очерк творчества Георгия Маркова. 2-е изд. М., 1978; Г. М. Марков. Биобиблиографический указатель. Томск, М., 1978.