МАРГАНЕЦ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАРГАНЕЦ КЕНТАШТАРЫ - курамында мар­ганец же анын бирикмелери бар минералдар­дын табигый чогундусу. Эң негизги минералда­рына пиролюзит (Мп 55- 63%), псиломелан (45- 60%), манганит (62,5%), вернадит (40-45%), браунит (69,5%), гаусманит (72%), родохрозит (47,8%), олигонит (23-32%), родонит (32-41%) ж. б. кирет. Курамында кошунду түрдө темир кездешет. Кен чөкмө, жанартоо - чөкмө чанда метаморфизм жана үбөлөнүү процесстеринен пай­да болот. Чөкмө кендери байыркы деңиздер менен көлдөрдүн түбүндө кабат же линза түрүндө топтолот. Алар төмөнкүдөй типтерден турат: 1) окистенүү - тайыз көлдөрдөгү псило­мен-пиролюзит жана манганит кенташтары; 2) карбонаттуу - терендиктен орун алган родох­розит, олигонит, манганит-кальциттүү кенташ­тар. Жанартоо чөкмө кендери курамында брануит-гаусманит жана псиломе­лан-вернадиттүү кенташтары менен айырмаланат, метаморфизм кендери чөкмө жана жанар­тоо кенташ чогундуларынын өтө жогорку темп­ра менен туш тараптан кысуучу күчтүү басымдын таасиринен өзгөрүп, пайда болот. Курамында марганецтин суусуз окистери (браунит, гаусма­нит) жана кычкылдары (родонит ж. б.) кездешет. Үбөлөнүү кендери окистенүү зонасында марганецтин топтолушунан пайда болот.

Ад.: Месторождения металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005.