МАРАЗЫКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАРАЗЫКОВ Турусбек Сейдакматович [5. 4. 1965-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Рыбачье (азыр Балыкчы ш.)] - тилчи, профессор (1996), филология илимдеринин доктору (2005). КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн (1989). КР УИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1989-91), 1991-жылдан Ж. Баласагуни атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доцент (2003), кафедра башчысы (2007-09), кыргыз филологиясы факультетинин деканы (2006). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин стилистикасы, коммуникативдик лингвистика, текст таануунун негиздери, синтаксис, сүйлөө маданиятынын теориясына багытталган. 50дөн ашык илимий эмгектин автору.
Эмг.: Текст таануу жана анын айрым маселелери. Б., 2005; Текстти интеграциялоочу экстралингвистикалык факторлор. Б., 2005; Текстти интеграциялоочу лингвистикалык каражаттар. Б., 2005.