МАНТЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАНТЫШ - Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кара-Суу айыл аймагына караштуу. Сөөк өрөөнүнүн оозунда, Сөөк суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2235 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 45 км ба­тыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 105 км. Калкы ЮООге чукул (2010); негизинен мал чарба­сында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, оорукана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ж. Каримов туулган.