МАНЖУР МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАНЖУР МАМЛЕКЕТИ, Маньчжоу-го­Түндүк-Чыгыш Кытайда япон империалисттери түзгөн мамлекет (1932-45). М. мененин аймагы 1 млндон ашык млн км2ди түзүп, калктын саны 43,2 миллион киши болгон. Борбору - Чанчун, ки­йин Синьцзян ш. болуп, япондуктар М. менен со­гуш плацдармы катары пайдаланган. 1931-жылы 18-19-сентябрда Япония Шэньян (Мукден) районунда Түштүк Манжурияга тиешелүү т. ж-ду буз­дуң деген шылтоо менен Кытайдын түндүк-чыгыш аймагына аскерлерин кийирип, анын үч провин­циясын басып алган. М. менен негизинен япон империалисттеринин өкүлдөрү башкарып, жергиликтүү калкты ырайымсыз эзген. Япон милитаристте­ри армиянын санын көбөйтүп, жол түйүндөрүн, аэродром ж. б. согуш объектилерин куруп, коң­шу мамлекеттерге (СССР жана МЭР) каршы ку­ралдуу чагымдарды уюштурган. 1945-жылы августта Түндүк-Чыгыш Кытай япон баскынчыларынан бошотулган соң, М. м. жоюлган.