МАНЖУРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАНЖУРЛАР (өздөрүн маньчжу, нялма деп аташат) - Түндүк-Чыгыш Кытайдагы жана Түндүк Кытайдын (Манжур) түн,- чыгышындагы тунгус­манжур элдери. Негизи­нен Ляонин провинция­сында, ошондой эле Гирин, Хэй­лунцзян, Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда, Хэбэй, Ганьсу, Шаньдун провинцияларында, Пе­кин, Чэнду, Сиань, Гуан­чжоу ж. б. ш-да жаша­шат. Саны 10,7 миллион киши

(2003). Хэйлунцзян провинциясындагылар ман­жур тилинде, КЭРдин айрым аймактарында жа­шагандар кытайча сүйлөйт. Динге ишенгендери негизинен буддизм, даосизм динине сыйынышат. М-дын түпкү теги тунгус-манжур уруулары: су­шэнь, илоу, воцзюй, уцзи, мохэ, чжурчжэнь ж. б. М-дын этностук негизин түрк, моңгол, ко­рей, кытай ж. б. уруулар түзгөн. Негизги кеси­би - дыйканчылык, тоолуу райондорунда то­кой чарбачылыгы өнүккөн. М-дын бир бөлүгү ө. ж-да иштейт.