«МАНАСТЫН» МУЗЫКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

«МАНАСТЫН» МУЗЫКАСЫ. «Манас» баатыр­дык-музыкалык эпос болгондуктан, поэтикалык текс­ти, андагы ой-сезим толкундары музыка, обон­ыргактар менен коштолуп, толукталып, көркөм­дүүлүгү, таасирдүүлүгү күчөтүлүп турат. Эпостун мазмуну угуучуларга тез жетишине, көпчүлүктүн эсинде бекем сакталып калышына, окуя-образ­дардын, ыр тизмектеринин өзүнөн өзү аткаруу­чунун «оозуна келип» турушуна эпостогу музыкалык башат зор таяныч болуп берет. Эпоско таандык бул өнөрдүн көркөмдүк таасири манасчынын ат­каруучулук жөндөмүнө, музыкалык талантына, анын добушунун ыргактуулугуна түздөн-түз байла­ныштуу. Белгилүү манасчылардан Сагымбайдын аткаруу манерасы, речитативди келтирген

кы­рааты салмактуу келип, эмоциялык толкундар­ды бир кылка кармап, угуучуларга күчтүу таа­сир калтырган. Молдобасан негизинен «Семе­тейди» көп аткарып, речитативин мукам кай­рыктар менен боёп, обондуу ырга жакындатып аткарган. Саякбай манасчы музыкалык байлыкты төгүп бергени, ар бир сөздү абдан кырааттап, айтылып жаткан окуяга, андагы каармандын эмоциялык абалына жараша обон созгондугу, речитативинин (сабатмалуу) обондору сезимдик ыргактарга байлыгы жагынан өзгөчө орунда турат. Кийинки манасчылардан Каба Атабек уулу менен Шаабай Азиз уулу «Манас» айтканда аткарган музыкалык кыраатынын өзгөчөлүгү менен айыр­маланган. Бири ыргакты кенен алып, ритмди керип таштап айтса, экинчиси ыргактагы ай­рым үндөргө, өзгөчө акыркы муунга басым коюп, улам барган сайын добушту бийиктете чаңкап айтат. «Боз салкын» элдик ыр-бий ансамбли «Манастан» үзүндүнү негизинен илгерки урма ас­паптарды колдонуп, музыкалык коштоо менен көркөм­дөп аткарат.

Эпос «Айчүрөк», «Манас» операларына ада­бий негиз болгон. М. Раухвергер менен А. Кутту­баев «Манас менен Алмамбет» спектаклине му­зыка (1944) жазышкан. Эпостун негизинде жа­зылган Ж. Садыковдун үч драмасына («Манас­тынуулу Семетей», 1983; «Сейтек», 1987; «Айкөл Манас», 1990) композитор К. Молдобасанов музыка жазган. Кыргыз музыкасында «Манас» эпосу­нун речитативи, обон-ыргактары булак катары пайдаланылган чыгармалар да бир топ. Радио­нун музыкалык фондуна жазылып алынган «Манас» күүлөр («Алмамбеттин арманы», «Алмамбеттин жомогу», «Семетей күү», «Каныкейдин арманы», «Жол талаш» ж. б.) буга далил. В. Власовдун «Кыргыз увертюрасы» (1936), В. Ференин «Кыр­гызстан» аттуу симфониясы (1974), М. Бегалиев­дин «Бала кез кайрыктары» симфониялык сүрөттөмөсү, «Майрам шаңы» увертюрасы (1985), А. Жээн­баевдин «Чоң кербез» фортепьянолук күүсү (1970) ж. б. чыгармаларда эпостун обон-ыргак­тары кеңири пайдаланылган. «Манас» эпо­сун идеялык-көркөмдүк булак катары жана андагы обон-кайрыктарды же накта үзүн­дүлөрдү партитурасына камтыган чыгар­малар да жаралды: К. Молдобасановдун «Ма­настын кошууну» симфониялык сүрөттөмөсү (1978), М. Бегалиевдин «Манас» симфониясы (1990), Б. Н. Глуховдун «Бабам Манас жө­нүндө баллада» хор үчүн поэмасы ж. б. Кыргыз музыкасын изилдөөчү Б. Алагушов «Манас музыкада» деген деген китебин жазды. Т. Саламатов.