МАНАП: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАНАП - кыргыз коомундагы социалдык кат­мар. Айрым окумуштуулардын (С. М. Абрам­зон) пикиринде М. деген аталыш 17-к-да жаша­ган сарыбагыш уруусунан чыккан Манап. бийге байланышкан. М. түшүнүгү 19-к-дын ортосунан Түндүк Кыргызстанда колдонулуп, Совет бийлигине чейин сакталган. Советтик тарых илиминде М. эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү (фео­дал) катары эсептелген. Иш жүзүндө М. коом­догу мамилени жөнгө салган, өз ара талаш-тар­тыш, чыр-чатактарды калыс чече билген, тектүү, кадырлуу адам болгондуктан, бардык маселе боюнча М-ка эл өзү кайрылган. Укугу жагынан бий менен М-тын бири биринен принциптүү айырма­чылыгы болгон эмес. М. наамы жана бийлиги атадан балага мурастала баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине жараша чоң М. (сыйлуу), орто М. жана чала М. болуп бөлүнгөн. Түндүк кыргыздардын уруу бирикмелеринин чон М-ына орто жана чала М-тар баш ийген. Кара­пайым уруу мүчөлөрү М-тарга букара болгон. Кокон хандыгы мезгилинде М-тар хандын буй­ругун аткарып, салык жыйнашкан. Кыргызстан Рос­сияга каратылгандан кийин көпчүлүк М-тар па­дышалык колониялык тартиптин таянычына айланган.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.