МАНАМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАНАМА - Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн а-нын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булунунун жээгинде жайгашкан. Калкы 157,5 миң (2010; калкынын 80% и ислам динин тутат). Өлкөнүн эң ири порту. Дүйнөдөгү калкы эн аз борбор шаарлардын бири. Биздин заманга чейинки 1-к-да арабдар негиздеген. 6-к-да перс аскерлери тарабынан басып алынып, 7- к-да Араб халифатынын аймагына кошулган. 1971-жылы Бахрейн көз каранды эместикке ээ болгондон М. - анын борбору. Мечит (кооздолгон минарети менен), 2 музей (анын ичинде улуттук жана Куран үйү; анда Курандын кол жазмасынын ири коллекциясы сакталып турат), университет, орто жана атайын билим берүү мекемелери, педагогикалык окуу жайлары бар. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет жана седеп чогултулат.
М. - Бахрейндин ири экономикалык борбору. М-дан түштүктө нефть ажыратуу жана нефть-химиялык заводдору, алюминий (дүйнөдөгү алдынкы орундардын биринде), кеме ремонттоо, полиграфиялык ө. ж. ишканалары иштейт. М-да Перс булуңундагы өлкөлөрдүн (Бахрейн, Катар, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Сауд Арабиясы) маалымат агенттигинин штаб-квартиралары жайгашкан. М. - Перс булуңундагы эркин соода кылуучу үч аймактын бири. Туризм өнүккөн.
