МАМЫТОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАМЫТОВА Дамира Амановна (21. 6. 1957- жылы туулган, Фрунзе) - а. ч. илимдеринин доктору (1999). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун география факультетин бүтүргөн (1980). 1980-87-жылы Кыргыз ССР ИАнын Сейсмология институтунда улук инженер, СССРдин А. ч. министрлигинин Жер ресурста­ры мамлекеттик ИИИде кенже илимий кызматкер (1987- 91), Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунун

токой бөлүмүндө улук илимий кызматкер (1991-99), ошол эле мезгилде 1992-94-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИде окутуучу, 1999-жылдан КР УИАнын Биология-топурак таануу институтунда жетектөөчү илимий кызматкер. Илимий багыты - ге­незистер жана картография, агроөндүрүштүк топ­тоштуруу, топурак-географиялык жана табигый-а.ч-лык райондоштуруу, топурактын азыркы акыбалын изилдөө, топурактын экол. туруктуулугун жана топурактын биол. кунардуулугун сактоо жана жогорулатуу боюнча. Анын бОтан ашык илимий эм­геги, анын ичинде 3 монография, 2 методикалык көр­сөткүч, 17 картогр. материалдары жарык көргөн.

Эмг.; Природно-сельскохозяйственное районирова­ние Кыргызстана. Б., 1992; Систематический список почв КР (в соавторстве). Б., 1994.