МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО КОМИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО КОМИТЕТИ С С С Р­д е (МКК) - Улуу Ата Мекендик согуш мезги­линде (1941-45) бардык бийлик топтолгон мамлекеттик жогорку орган. МКК 1941-жылы 30-июнда түзүлүп, төрагасы И. В. Сталин, төраганын орун басары В. М. Молотов, мүчөлөрү Н. А. Вознесенский (1942-жылдан), Л. П. Берия, Н. А. Булганин (1944- жылдан), К. Е. Ворошилов (1944-жылга чейин), Л. М. Каганович (1942-жылдан), Г. М. Мален­ков, Анын Ичинде Микоян (1942-жылдан) болгон. МКК бардык мекемелердин ишине жетекчилик кыл­ган, өлкөнүн экономикасын согуш муктаждык­тарын канааттандырууга багыттоо, адам күчүн фронтко жана эл чарбасына толук тартуу, согуш коркунучу туулган аймактардын ө. ж. ишкана­ларын эвакуациялоо, бошотулган жерлерде эл чарбасын калыбына келтирүү ж. б. иштерди жүргүзгөн. СССР Жогорку Советинин Прези­диумунун 1945-жылы 4-сентябрдагы чечими менен жоюлган.