МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска

МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ - өлкөнүн кызыкчы­лыгы бар продукцияларды өндүрүү, товар чыга­руу ж. б. иш-чараларды камтыган тапшырма. Ал өкмөттүк органдар тарабынан берилип, мам­лекеттик бюджеттен финансыланат. М. з. мамлекеттин бардык чарба тармактарында не­гизги керектөөлөрүн канааттандырып, жалпы мамлекеттик керектүү маселелерди (ө. ж. өндүрүшү, илимий- техникалык изилдөө программалары, коомдук-социал­дык чөйрө, коргонуу стратегиясы ж. б.) чечүүгө гарантия берет. Ал - чарбалык байланыштар­ды түздөн-түз жөнгө салуунун формасы. М. з. ар бир ишкана үчүн өтө ыңгайлуу, анткени ал туруктуу финансы булагын түзөт. М. заводар кон­курстук жана аукцион жүргүзүү аркылуу берилет. Конкурстук соода жана тендерлер негизинен азык­түлүк сатып алуу, турак-жай, имараттарды ку­руу жана реконструкциялоо иштери, ар түрдүү объектилерге имараттарды ижарага берүү, жол­дорду ремонттоо, жаңы трассаларды куруу ж. б. боюнча өтөт. Кыргызстанда М. з. айрыкча жол тармагын куруу, курулуш иштеринде кеңири тараган.