МАМАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАМАЙ [туулган жылы белгисиз - 1380, Каффа (азыркы Феодосия ш.)] - Алтын Ордонун аскердик жана мамлекеттик ишмери. Бердибек хандын (1357-61) күйөө баласы. 1362-жылы Алтын Ордонун батыш бөлүгү (Крымдан Волганын оң жээгине чейин) толук бойдон М-дын карамагында болгон. Ал Европа мамлекеттери менен (Генуя, Улуу Литва княздыгы, Венеция ж. б.) достук мамиле түзүүгө аракеттенген. Алтын Ордонун күч-кубатын калыбына келтирүү үчүн аракеттенип, орустарга каршы бир нече жолу казатка аттанган. Анын кошууну Рязань (1373, 1378) жана Нижегород (1378) княздыктарына бир топ зыян келтирип, Москва княздыгына чабуул жасоодо Воже дарыясындагы (1378) жана Дондогу [Куликов салгылашы (1380)] салгылаштарда Москва князы Дмитрий Донскойдон жеңилүүгө учураган. 1380-жылы Калка дарыясында Токтомуш М-дын аскерлерин талкалап, Алтын Ордону толук бойдон өзүнө караткан. М. Каффага качып, ошол жерде өлтүрүлгөн.
Ад.: Трепавлов В. В. Золотая Орда в XIV столетии М., 2010; Мамай: опыт исторической антологии. Казань, 2010.