МАЛЬТА МЕХАНИЗМИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАЛЬТА МЕХАНИЗМИ, мальта крести­үзгүлтүксүз айлануу кыймылын үзгүлтүктүү бир багыттагы кыймылга айландыруучу түзүлүш; белгилүү бир технол. иш аткаруучу станок-ав­томаттын, кино көрсөтүүчү аппараттын механикалык системасынын негизги бөлүктөрүнүн бири. Ал сырткы илинчектүү жана ички илинчектүү болуп бөлүнөт. Сырткы илинчектүу М. мененде жетеле­гич звено (кривошип) айланганда, анын тиши биринчи чекитте жетеленме звенонун оюгуна кирет да, жылмышып барып крестти айлантат. Экинчи чекитте жетелегич звенонун тиши оюк­тан чыгат. Крест токтойт да, кривошиптин тиши айланып, биринчи чекитине жетет да, кийин­ки узата оюкка кирмейинче жылбайт. Токтот­кондо крест өзүнөн өзү айланып кетпес үчүн кривошиптеги урчук кресттин оюгуна такалат. М. м. так приборлордо колдонулат.