МАЛЕВИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАЛЕВИЧ Казимир Северинович [11 (23). 2.1878 (79), Киев - 15. 5.1935, Ленинград] - советтик сүрөтчү, график, искусство теоретиги, орус авангардизминин эң көрүнүктүү өкүлү. Абстракттуу искусствонун суперматизм аталган түрүн негиздеген («Кара квадрат», 1913). М. Киевдеги сүрөт мектебинде (1895-96), Москва живопис, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1904) жана Ф. И. Рербергден (1905-10) окуган. 1911-12-жылы неопримитивисттик, 1913-14-жылы кубисттик менен кубофутуристтик маанайдагы чыгармаларды, 1914-15-жылы
супрематикалык (ачык фондо геометриялык жөнөкөй түркүн түстүү фигуралардын айкалышы) сүрөттөрдү, 1920-жылдырдын 2-жарымында супрематикалык мейкиндиктик констр-ды жараткан. 1920-жылдарда постсупрематикалык живопистик иштери пайда болгон. 1912-15-ж-дагы эмгектеринин стилине «акылдуу реализм», «кубофутуристтик реализм» деген аныктама берген. 1915-жылы Петроградда өткөн көргөзмөдө М. «Живопистеги супрематизм» деген жалпы аталыш менен 39 сүрөтүн («Ак фондогу кара квадрат», «Кара квадрат» ж. б.) койгон. М. В. Матюшиндин «Күндө женүү» (1913) операсын жана В. В. Маяковскийдин «Мистерия-буфф» чыгармасынын постановкасын жасалгалаган. М-дин чыгармачылыгы 20-кылым искусствосуна зор таасир тийгизген.
Ад: Сарабъянов Д., Шатских А. К. Малевич. Живопись. Теория. М., 1993; Малевич о себе. Современ-
