МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ - таратууга атайын арналган социалдык институттар (басмалар, агенттиктер, редакциялар, студиялар) аркылуу маалыматты массалык аудиторияга таратуу. Кабардын тиражын көбөйтүүнүн жана таратуунун техникалык каражаттарынын өнүгүшү жана жалпы сабаттуулук 20-к-дын башында массалык маалымат каражаттарынын (ММК) пайда болушуна алып келди. М. к. коомду мобилизациялоого, үгүт жүргүзүүдө жана коомдук пикир жаратууда маанилүү куралга айланды. Маалыматтын уюмдашкан институттар аркылуу жана борборлоштурулган түрдө таралышы М. к-ны массалык аң-сезимди жана жүрүм-турумду көзөмөлдөөнүн эң майнаптуу жана эң зарыл каражатына айландырды. М. к-нын мазмунуна жана формаларына мамлекет, ар кыл саясий топтор, рынок механизмдери, жарандык коом институттары таасир тийгизет. 1990-жылдардан Интернеттин жайылышы, медиа ресурстарды активдештирүү ар бир адамга маалыматты кеңири коомчулукка жеткирүүгө жана кабыл алынган маалыматка ой-пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берүү менен М. к-нын мүнөзүн олуттуу өзгөрттү.
Ад.: Харрис Р. Психология массовых коммуникаций. 4-е изд. СПб.; М., 2001; Федотова Л. Н. Социология массовых коммуникаций. СПб., 2009; Назаров М. Массовая коммуникация и общество. 4-е изд. М., 2010.