МАССА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАССА (латынча гпазза - чоң кесек, тоголок, бөлүк, тилке) - материянын инерттик жана гравитация­лык касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. М. түшү­нүгүн механикага И. Ньютон нерсенин импуль­сун (кыймыл саны) аныктоодо киргизген жана импульс р, нерсенин ылдамдыгы Ога пропор­циялаш: р=тх), т - пропорциялуулук коэффи­циенти жана нерсенин туруктуу М-сы. Демек, Ньютондун классикалык механикасындагы Р=та тендемесинен алынган. Мында М. - нер­сеге аракет эткен күч Р менен анын ылдамдануу­сунун ортосундагы пропорциялуулук коэффи­циенти. Мунун негизинде аныкталган М. - инерттүүлүктүн чени жана ал инерттүү М. деп аталат. Ньютондун гравитациялык теориясын­да М. тартылуу талаасынын булагы болуп эсеп­телет (к. Ньютон закондору). Жер бетиндеги нерсеге таасир эткен гравитациялык күч (Р) анын салмагына (Р) барабар: Р=т§, т - нерсе­нин гравитациялык (оордук) М-сы. Оордук М. инерттүү М-га барабар. Бул жаратылыштын фун­даменталдык закону жана эквиваленттүүлүк принциби деп аталат. Классикалык физикада нерсенин М-сы, ар кандай процесстерде

өзгөр­бөйт. М. СГСте грамм, СИде килограмм жана мик­робөлүкчөлөр массанын атомдук бирдиги менен өлчөнөт. Элементардык бөлүкчөлөрдүн М-сы электрондун М-сы (me) менен айрым учурда энер­гиянын бирдиги менен дагы туюнтулат. Элек­трондун М-сы (me) 0,511 МэВге, протондуку 1836,1 т, же 938,2 МэВге барабар.