МАРИНАДДОО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАРИНАДДОО (фр. mariner - туздуу сууга салуу) - жашылча, мөмө-жемишти уксус кислотасын кошуп, консервалоо ыкмасы. М. үчүн уксус кислотасынын начар эритмеси пайдаланылат. Маринадга кошулган туз (1-3%) жана татымалдардын курамындагы заттар (эфир майлары ж. б.) микроорганизмдердин өсүшүн басаңдатып, продукциянын узак сакталышына өбөлгө түзөт. Уксус кислотасынын концент-сына жараша жашылча маринаддары ачуу (1,2-1,8%), кычкыл (0,6- 0,9%) жана бир аз кычкыл (0,4-0,6%) болуп айырмаланат. Кийинки экөө жакшы сакталыш үчүн пастерленет. Көбүнчө бадыраң, томат, сабиз, кызылча, капуста, пияз, патисон ж. б. маринаддалат. Мөмө-жемиш маринаддары уксус кислотасынын концент-сына жараша пастерленбеген (1,0-1,5%), пастерленген ачуу (0,6-0,9%), пастерленген кычкыл-таттуу (0,2-0,6%) болуп айырмаланат. Майда сорттогу алма, алмурут, алча, кайналы, карагат, жүзүм маринаддалат. М. алдында жашылча, мөмө-жемиш жуулуп, сорттолуп, тазаланып, тууралып, бланширленип даярдалат.