МАРГУН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАРГУН (тажикче мар - жылан, гун - жок болду) - Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Маргун айыл аймагына караштуу. Деңиз
деңг. 1030 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 90 км түндүк-батыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) т. ж. бекетинен 29 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 2175 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, килем токуу менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, почта, дарыкана, ФАП бар. Базар иштейт. Б. Амираева.