МАНН Томас: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНН Томас (6. 6. 1875, Любек - 12. 8. 1955,

Цюрих) - немис жазуучусу. 20-к-дын сынчыл реализминин мыкты салттарын улап, Батыштын либерал интеллигенциясынын интеллектуалдык жана адеп-ахлактык изденүүлөрүн, буржуазиялык турмуштун бузулушун «Будденброктор» (1901)дегентунгуч романында кенири чагылдырган. Биринчи дүйнөлүк согуш алдында буржуазиялык чөйрөнүн идеялык турмушу жөнүндө лирикалык маанайда жазылган «Сыйкырдуу тоо» романына (1924) Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1929).
Мындан тышкары «Иосиф жана анын бир туугандары» (1933-43) тарыхый тетралогиясын, «ВеймардагьгЛотта» (1939), «Доктор Фаустус» (1947) философиялык романында буржуазиялык ан-сезимдин, маданияттын кедери кеткендигин баяндайт. М-дын аңгемелери, макалалары, күндөлүктөрү да бар. Ал 20-к-дагы роман жанрынын классиги катары таанылган.
Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. 1-10. М., 1959-1961.
Ад.: Апт С. Томас Манн, М., 1972; он же. Над страницами Т. Манна. М., 1980; Дирзен И. Эпическое искусство Т. Манна. М., 1981.