МАНКОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНКОО (ХапНпшп) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бийиктиги 20- 100 смте жеткен бир жылдык жана бир үйлүү чөп. Көп бутактуу сабагы катуу, түктүү. Жалбырагы тегиз жээктүү тегерек, үч бурчтуу же жүрөк сымал. Топ гүлү сапсыз, жалбырак колтугунда жайгашкан. Аталык гүлдөрү - топ гүлдүн жогору жагында, энелик гүлү төмөн жагында орношкон, анын ороочтору сыртынан илмекей катуу тикендүү. Уругу бышканда анын катуу тикендүү ороочтору чоңоюп, мөмөсүнүн сыртын каптап турат. Мененун 70 түрү Түндүк, Түштүк Америкада, Европада, Кичи жана Чыгыш Азияда, Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар негизинен жол боюнда, айдоодо, таштандылуу жерде, аңызда, мал сарайга жакын жерде өсөт, өтө зыяндуу отоо чөп. Майда малдын жүнүнө жабышып, анын сапатын төмөндөтөт. Жалбырагы менен тамырынан сары жана жашыл боёк алынат. Элдик медицинада богокко, тери ооруларына, дизентерияга, лимфа түйүндөрүнүн туберкулёзунда дары чөп катары колдонулат. Уругунда 40% ке жакын бат кургоочу май болот.