МАНДАЛАЙ, М: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска

МАНДАЛАЙ, М а н д а л е (пали тилинде рас­мий аталышы - Яданабон, сөзмө-сөз «асыл таш тарамдары») - Мьянма мамлекетиндеги шаар.

Мандалай облусунун администрациялык борбору. Калкы 1,4 миллион (2010). Жолдор тоому. Иривади дарыясындагы порт. М. - өлкөнүн ири ө. ж. жана маданий борборло­рунун бири. Кебез-кездеме, жибек түрүү, тамак­аш, карагай тилүү ө. ж. ишканалары иштейт. Кеме ремонттолот. Университет, медициналык, техникалык институттары бар. Кол өнөрчүлүк (карапачылык, оймолоо) өнүк­көн. М. 1857-жылы негизделген.