МАНГЛАЙ СУБЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАНГЛАЙ СУБЕ (моңголчо мангал - маңдай, авангард) - Моголстандын түштүк бөлүгү. Мухам­мед Хайдар «эшиги түштүктү караган үй» («аф­табру») деген сөздү колдонуп «Күнгөй», «Күнөстүү жер» деп которгон. Адегенде Чагатайдын үлү­шүнө тийип, кийин дуулат эмири Ордобиге

Моголстан жана Манглай Субенин картасы (15-16-кылым).

(Уртубу, Урдуби) энчиленип, Моголстан жоюл­ганга чейин анын тукуму бийлеген (к. Камар ад-Дин). М. С. чыгышынан Куча, Тарбугур (Чы­гыш Түркстан); батышынан Самгар, Жакишман (Фергана өрөөнү); түндүгүнөн Ысык-Көл; түштү­гүнөн Черчен, Сары Уйгур (Тарым д. менен Лоб­нор көлүнүн бассейни) менен чектешкен. Ага Ак­Суу, Жаркент, Кашкар, Котон, Куча, Ат-Башы, Аксы (Аксыкент), Касан ш. карап, эмир Пулат­чынын тушунда борбору Ак-Суу болуп калган. «Тарих-и Рашидиде» бул аймакта жапайы төө менен топоздордун көп кезиккени жана кен бай­лыктарынан яшма абдан бааланганы айтылат.

Ад-: Бартольд В. В. Дуглат//Соч. Т. V. М., 1968; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999.

Т. Асанов.