МАНАП БИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАНАП БИЙ Дөөлөс уулу (туулган жылы белгисиз - 1619- 25-жылы аралыгы) - Түндүк Кыргызстандын улугу; өз заманынын саясий ишмери. Кыргыз-казактын ханы Эр Эшим менен бирдикте эки элдин ынтымагы үчүн күрөшкөн. Эшим хан М. б-ге түмөндөгөн (20-30 миң) жоокер берип, кыргыз-казактардын Иле д. тараптагы чек арасын калмак баскынчыларынан коргоо милдетин тапшырган. М. б-ге Кыргызстандын түндүгүндө, Чыгыш Түркстанда жана Казакстандын Алматы, Жамбыл аймагында жашаган кыргыздар баш ийип, аны чоң бий (хан) катары тааныган. Тарыхый маалыматтар боюнча М. б-дин ордосу азыр Орто-Токой суу сактагычы турган орунда жайгашкан. Ордо жүздөн ашуун боз үйдөн туруп, башкы өргөөсүндө атасы Дөөлөс баатырданкалган көк асаба желбиреп турган. Ордо кызматкерлерин, жоокерлерин кармоо үчүн ар бир уруу белгилүү өлчөмдө салык төлөп, ордого келүүчү жолдорго тозот коюлган. М. б. калмактар менен бол-
гон чоң салгылаштардын биринде курман болгон. М. б-дин Жарбаң жана Сүтөй аттуу уулдарынан Үчүке, Түлкү, алардан тараган Тынай бий, Маматкул бий, Болот, Эсенгул, Ниязбек, Абайылда, Атаке баатыр, Ормон хан, Жантай хан, Шабдан баатыр ж. б. урпактары Түндүк Кыргызстанды бийлеп келишкен. Токмок шаарында М. б-ге эстелик тургузулган.
Ө. Осмонов.
