МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ - мамлекеттин коомду башкаруусун жана алардын кызыкчылы­гын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн атайын орган­дар же мекемелер системасы. М. а-тын негизи­не: 1) мыйзам чыгаруу (парламент, конгресс,

улуттук кеңеш ж. б.); 2) аткаруу (мамлекеттик же өкмөт башчысы, министрликтер, комитеттер, жетек­чи мекемелер, мэрия, муниципалитет ж. б.); 3) укук коргоо (сот, прокуратура) кирет. М. а. кызматкерлеринин ишмердүүлүгү коомдук саясий түзүлүштүн тибине байланыштуу болот. Демократиялуулуктун, көп партиялуулуктун шарты боюнча кызмат орундары көбүнчө жеңген партиянын өкүлдөрүнө ыйгарылат. 2010-жылы ка­был алынган конституция боюнча Кыргызстан да ушун­дай жолго түшкөн. Азыркы учурдагы көп өлкөлөрдө М. а-ка адис тандоо конкурс аркы­луу жүргүзүлөт. М. а-тын ишмердигин жакшыр­туу жана демократиялаштырууну өнүктүрүүнүн башкы жолу кабыл алынган мыйзамдарга гана таянып иштөө болуп саналат.

Ад.: Хропанюк В. Н. Теория государства и права. М., 2004.