МАМИН-СИБИРЯК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАМИН-СИБИРЯК (чын фамилиясы - Мамин) Дмитрий Наркисович [25. 10(6. 11).1852, Пермь губерниясы, Висим - 2(15). 11. 1912, Санкт-Петербург] - орус жазуучусу. 1868-72-жылы
Пермь диний семинариясында окуган. 1871-жылы Петербург медициналык-хирургия академиясына кирген, бирок аны бүтпөй, Петербург унтинин укук факультетине

которулуп, каражаты жоктугунан аны да уланта алган эмес. Чыгармалары 1875-жылдан жарыяланган. Жазуучунун талантынын жетилишине, көз карашынын калыптанышына 60-80-жылдардагы демократчыл философия менен революциялык кыймыл таасир эткен. Ал таасирдин белгилери «Приваловдун миллиондору» (1883), «Тоодогууя» (1884), «Маанисиз бакыт» (1884), «Үч түйүн» (1890), «Ак алтын» (1892), «Нан» (1895) романдары менен «Сибирь аңгемелери» сыяктуу аңгеме, очерк, повесттеринде 19-к-дын 2-жарымында Урал менен Сибирде жашаган адамдардын турмуш-тиричилигин, кулк-мүнөзүн реалисттик планда чагылдырган. Анын балдар үчүн жазган чыгармалары өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүн дыкат чечмелеп бергендиги менен бааланат. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган («Ак алтын», 1972, С. Бөлөкбаев ж. б.).