МАМБЕГАКУНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит [5. 11. 1952-жылы туулган,

Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ат-Башы району, Кошой айылы] - режиссёр, доцент (2009), профессор (2011), КРдин маданиятынаэмг. сиң. ишмери (1993), КРдин эл арт. (2002). Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүргөн (1977). Кыргыз телерадио комитетинде режиссёр ассистенти (1977-78), режиссёр (1978- 80), башкы режиссер (1980-90), программа боюнча директор (1990-91), Чүй обл. Телерадиокомпаниянын
төрагасы (1991-96), КТРдин биринчи вице-президенти (1996-2001, 2002-05), президенти (2001- 02), КМИИде окутуучу (2000-05), бөлүм башчы, профессор (2006-08), проректор (2008-09), М. Кашгари атындагы Чыгыш университетин окутуучусу, профессор (2003- 06), Евразия телеакадемиясынын жана Кыргыз кино академиясынын академиги (2004-жылдан), «Казына» радиосунун режиссёру (2005-07), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2007-08), доцент (2008-10), кафедра башчысы (2010-11), профессор (2011-жылдан). «Көч» даректүү фильми үчүн ЭКФтерде Гран-прини (2011, Казан; Ката, 2012), Кыргызстанда «Ак илбирс» кинофестивалында баш байгени (2012) жеңип алган. Бир нече медаль менен сыйланган.