МАМБЕТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАМБЕТ Чокморов (1896, Корумду конушу, азыркы Ысык-Көл обл, Тоң району - 1973, ЫсыкКөл обл., Тоң району, Бөкөнбаев кыш.) - манасчы,

«Манастын» үч бөлүмүн толук айткан чоң манасчылардын бири. «Манасты» 20 жашынан айта баштаган. Манас айтуу өнөрүн бир тууган таякеси Эшимбек уулу Дөңүзбайдан (1868-1935) үйрөнгөн. Дөңүзбай болсо Тыныбек Жапы уулунан таалим алган. М-тен 1965- 72-жылы «Манас» үчилтигинин бөлүмдөрү 234 500 сап ыр («Манастан» - 131 миң, «Семетейден» - 62 500, «Сейтектен» - 41 миң) КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан жазылып алынып, Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. М-тин айткан вариантында «Манас» эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуялар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жакын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мотивдерди талкуулоо жана сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча башка варианттардан мүнөздүү айырмачылыкка ээ. Ал - С. Каралаевдин вариантынан кийинки толук кагазга түшкөн вариант. Анда сюжеттик система башка толук жазылган варианттардыкы менен негизинен бирдей болсо да, айрым окуялар олуттуу өзгөргөн, жаңыланган түрдө баяндалат.