МАЛЬТА МЕХАНИЗМИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАЛЬТА МЕХАНИЗМИ, мальта крестиүзгүлтүксүз айлануу кыймылын үзгүлтүктүү бир багыттагы кыймылга айландыруучу түзүлүш; белгилүү бир технол. иш аткаруучу станок-автоматтын, кино көрсөтүүчү аппараттын механикалык системасынын негизги бөлүктөрүнүн бири. Ал сырткы илинчектүү жана ички илинчектүү болуп бөлүнөт. Сырткы илинчектүу М. мененде жетелегич звено (кривошип) айланганда, анын тиши биринчи чекитте жетеленме звенонун оюгуна кирет да, жылмышып барып крестти айлантат. Экинчи чекитте жетелегич звенонун тиши оюктан чыгат. Крест токтойт да, кривошиптин тиши айланып, биринчи чекитине жетет да, кийинки узата оюкка кирмейинче жылбайт. Токтоткондо крест өзүнөн өзү айланып кетпес үчүн кривошиптеги урчук кресттин оюгуна такалат. М. м. так приборлордо колдонулат.