МАЛЬТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАЛЬТА, Мальта РеспубликасыТүштүк Европадагы арал мамлекет. Жер Ортолук деңиздин борбордук бөлүгүндө, Мальта архипелагында, Сицилия а-нан 93 км, Тунистен 230 км (Африканын түндүк жээги) аралыкта жайгашкан.

Аянты 316 к.и2. Калкы 413,0 миң (2010). Борбору - Валетта ш. (калкы 9,3 миң). Администрациялык-аймактык жактан 68 округга (анын 54% и Мальта а-нда,
14% и Гоцодо) бөлүнөт. Акча бирдиги - евро (2008-жылдын 1-январынан).
М. - БУУнун (1964), Европа Советинин (1965), ЭВФтин (1968), ЕККУнун (1973), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1983), Эл аралык соода уюмунун (1995), Европа союзунун (2004) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1964-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлиги президент, премьер-министр жана министрлерден турган өкмөткө (кабинет) таандык. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары - М. лейбористтик партиясы, Улуттук партия.
Т а б и я т ы.
Мальта архипелагы 3 чоң (Мальта, Гоцо, Комино; ушул аралдарда гана эл отурукташкан) жана бир нече майда аралдардан турат. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн плато (бийикт.
253 м; Мальта а-нда) ээлейт. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы жумшак жаан-чачындуу, жайы ысык, кургак. Февралдын орт. температурасы 12°С, августтуку 25°С. Жылдык жаанчачыны 530 мм. Топурагы кызыл, күрөң. Антропогендик фактордун мааниси чоң. Табигый өсүмдүктөрү кайрадан өсүп, жапыз бадал түрүндө (маквия, европа зайтуну, мисте, сүт тикендер ж. б.) кездешет. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (кол канаттуулар, кит сыяктуулар), уялоочу куштардын ЗОдан ашык (көк чыйырчык), сойлоочулардын 18 (анын ичинде кескелдириктер), жерде-сууда жашоочулардын бир (жалпак тилдүү бака) түрү мекендейт. Аралдын аймагынын 13% ин коргоого алынган табигый (табигый резерваттар, орнитология заказниктери ж. б.) жана деңиз аймактары (11 км2ин) ээлейт. Бул аймактардын көпчүлүгү жалпы европалык «Жаратылыш-2000» жана «Жакут» экол. түйүнүнө киргизилген. Гадира жана Ис-Сирам суу-саздуу аймактары эл аралык мааниге ээ.
К а л к ы н ы н
негизин мальталыктар түзөт (95%), ошондой эле англистер, австралиялыктар, италяндар да жашайт. Мамлекеттик тили - мальта жана англис тилдери. Католик динин (англикандар, методисттер, адвентисттер) тутат. Орт. жыштыгы 1 км2
жерге 1307 киши (дүйнөдө өтө жого-
ру). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 77,4 жаш, аялдарыныкы - 82,1. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 адамга 13,22), өлүм-житим ЮООге 7,43 (жаш балдардын өлүмү төмөн, ЮООге 3,7). Шаар калкы 95% (2010). Ири шаарлары: Биркиркара, Моста, Сан-Пауль-ильБахар, Корми (баары Мальта а-нда).
Т а р ы х ы.
М-да алгачкы тургун жайлар биздин заманга чейинки 5-миң жылдыкта пайда болгон. Биздин заманга чейинки 8-к-да М. финикийлерге, 6-к-да карфагендиктерге, 218-жылы римдиктерге, биздин заманга чейинки 533-535-жылы Ви-
зантияга, 870-1091-жылы арабдарга, 1127-жылы Сицилия королдугунун курамына кирген. 1530-жылы М. а. Иоаннит орденинин ээлигине өткөн. Мальталыктардын өз алдынча мамлекети (борбору - Валлетта) болуп, туруктуу армиясы жана мамлекеттик аскер-деңиз инфраструктурасы түзүлгөн. А. ч. өнүккөн, кеме куруп, тыйын чыгарышкан. 1592-жылы Валлеттада иезуит семинариясы ачылган, 1692-жылы китеп басып чыгарылган. 16-17-к-да Мененын калкынын саны өскөн. М. 1798-жылы Францияга баш ийген. 1800-жылы аралды Улуу Британия өз колониясына айлантып, аскер-деңиз базасын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин өлкөдө массалык демонстрациялар жана митингдер күч алгандыктан, Англия 1964-жылы 21-сентябрда Британ Шериктештигинин чегинде М-га көз карандысыздыкты берүүгө мажбур болгон. Өлкөнүн конституциясы кабыл алынып, БУУга мүчө болуп киргенетикалык Вирок Улуу Британия М-га «Биргелешип коргонуу жөнүндөгү» келишимди таңуулап, аны НАТОнун согуш базасына айландырган. Англиянын колониялык үстөмдүгүнүн кесепетинен Мененын абалы өтө начарлаган. 1971-жылы жалпы шайлоодо Лейбористтер партиясынын Д. Минтофф башкарган өкмөтү бийликке келип, Мененын өз алдынчалыгын чыңдоо боюнча чаралар колдонгон. 1974-жылы М. Респ-сы жарыяланып, 1979-жылы британиялык аскер базасынын жабылышы менен Шериктештиктин курамынан чыккан. Лейбористтер аялдар менен эркектер үчүн бирдей эмгек акы киргизүү, ишканаларды улутташтыруу, мамлекеттик чыгымдарды токтотуу ж. б. кайра куруу иштерин жүзөгө ашырган. 1981-жылы М. өзүн бейтарап мамлекет деп билдирип, Ливия, Тунис ж. б. араб өлкөлөрү менен мамилесин активдештирген. 1987-жылы шайлоодо Улутчул партия (УП) көпчүлүк добушка ээ болуп, чет элдик капиталды көбөйтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле Мененын Европа советине интеграциясына багытталган саясат жүргүзүп, 1995-жылы НАТО программасына кошулган. 2008-жылы бийлик лейбористтердин колуна өтүп, 2009-жылы лейборист Ж. Абела М. президенти болуп калган. 2004-жылдан ЕСтин, 2008-жылдан Евро зонасы менен Шенген зонасынын мүчөсү.
Ч а р б а с ы.
М. орт. өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. ИДПнин көлөмү 10,2 миллиард долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 25,1 миң доллардан туура келет (2010). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 80,6, ө. ж-дыкы 18, а. ч-ныкы 1,4. М. - Европадагы туризмдин (жылына 1 млндон ашык), банк-финансы иштеринин жана транспортторду (транзит кемелер менен самолётторду) тейлөөнүн борбору. Кирешенин маанилүү бөлүгү Мененын желеги менен жүргөн кемелерден (1,4 миң, дүйнөдө 4-орунда) түшөт. Электроника (компьютер, автомобилдерди чогултуу), электр-техникалык, кагаз жана полиграфиялык (банкнот, баалуу кагаздар жана биометрика паспорттору басылат), химиялык, фармацевтика, тигүү (негизинен жинсы кездемесинен), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалоо, шарап, тамеки ж. б.), булгаары-бут кийим ишканалары иштейт. Кеме куруу жана оңдоо, карапачылык өнүккөн. А. ч-нын негизги тармагы - жашылчачылык (жашылча-жемиш, картөшкө). Жүзүмчүлүк жана шарап жасоо жолго коюлган. Уй, кой, эчки жана чочко асыралат. Т. ж. жок. Автомобиль-‘жолунун узундугу 2227 км (2005). Башкы деңиз порттору - Валетта, Марсашлокк. Сыртка ө. ж. продукцияларын чыгарат. Негизги соода шериктери: Италия, Германия, Франция.
Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 11 жылдык орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92,8% (2008). М. университети (1592), М. искусство коллежи, Илим жана технология институту (2000), Туризм институту (1987) ж. б. окуу жайлары, ошондой эле Улуттук китепкана (1555) жана музейлери бар. Мальта тилиндеги «Ь-Ог122оп1», «1п-Ма22)оп», англ. тилиндеги «ТЬе Тттез о£ Ма11а», «П-Оепз», «И-Тогса», «II Мптеп1», «Ки11Ьа<1<1», «ТЬе 8пп<1ау Т1тез» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1935- жылдан, телекөрсөтүүсү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги жок.
Малъталыктардын адабияты мальта, ошондой эле италян жана англис тилдеринде өнүгүүдө 15-к-да мальта тилиндеги эң байыркы эстелик «Кантилена» ыры, диний проза жанры пайда болгон. 19-к-дан тарыхый, готикалык роман жанрлары, 20-к-дан драматургия өнүккөн.
16-18-к-дан фортификациялык курулуштар (бастиондор, равелиндер, кароол мунаралары, Гоцо айылындагы Викториядагы чеп, Чиркеуа портуна жакын турган кызыл мунара, 1648) салынган. Британ үстөмдүгүнүн доорунда (1800-1964)
форттор тургузулуп (Ыйык Леонарддын, 1872, ж. б.), соңку классицизм, неоклассицизм стилиндеги имараттар курулган. Көркөм сүрөт жана жасалга-колдонмо искусствонун (картиналар, дубалдагы сүрөттөр, жасалга скульптура, гобелендер) өнүгүшүнө 16-17-к-да М. П. д’Алессио (Мальта орденинин гроссмейстер сарайындагы сүрөт жана Валеттеги чиркөө алтарлары) ж. б. зор салым кошкон. 20-к-дын 2-жарымында «Азыркы искусство тобу» бирикмесинин сүрөтчүлөрү: Ж. Каллейя, Ж. Прека, А. Инглойт, Э. Кремона ж. б. эмгектенишкен.



