МАЛИНОВСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАЛИНОВСКИЙ Родион Яковлевич [11(23). 11. 1898, Одесса - 31. 3. 1967, Москва] - советтик аскер

ишмери, Советтик Союз. маршалы (1944), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1945, 1958). 1-дүйнөлүк жана жарандык согуштун катышуучусу. 1930-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүткөн. 1916-жылы орус экспедициялык корпусунун курамында Францияга жиберилген. 1919-жылы Россияга кайтып келип, Кызыл Армиянын катарына кирген. 1917-22-жылы жарандык согушта 27-аткычтар дивизиясында А. В. Колчак аскерлерине каршы күрөшкөн. 1937-38-жылы Испаниядагы жарандык согушка республикалык өкмөт тарапта катышкан. 1939-жылдан М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясында окутуучу болуп иштеген. 1941-жылдын март айынан 48-аткычтар корпусунун командачысы. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнь айынан катышкан. 1941-жылдын август айынан 6-армиянын, 1941- жылдын декабрынан 1942-жылдын июлуначейин Түштүк фронттун, 1942-жылы августтан октябрга чейин 66-армиянын командачысы, 1942-жылы октябрь - ноябрь айларында Воронеж аскер фронтунун командачысынын орун басары, ноябрь айынан 2-гвардиялык армиянын командачысы, 1943-жылдын февралынан Түштүк фронттун, марттан Түштүк-Батыш фронттун (1943-жылы 20-октябрдан З-Украин фронту деп аталган) аскер командачысы болуп, Украинанын он жээгин, Донбассты, 1944-жылдын май айынан 1945-жылдын май айына чейин 2-Украин фронтунда Румыния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияны фашист немистерден бошоткон. 1945-жылдын июлунан Забайкал фронтунда аскер командачысы катары Япониянын Манжуриядагы армиясын талкалашкан. 1945-47-жылы-ЗабайкалАмур, 1947-53-жылы Ы. Чыгышта башкы командачы, 1953-56-жылы Ыраакы Чыгыш аскер округунда командачы, 1956-57-жылы СССР Коргоо министринин 1-орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1957-67-жылы СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (2-7-шайланышынын) депутаты. Сөөгү Кызыл Аянтта Кремль дубалына коюлган. «Алтын Жылдыз» медалы, 5 Ленин ордени, Жеңиш, 3 Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Кутузов ордендери, чет мамлекеттердин 16 ордени менен сыйланган. Одессада колодон бюсту тургузулган. Ысмы Москва, Киев ж. б. ш-дын көчөлөрүнө коюлган.
Ад.: Голубович В. С. Маршал Малиновский. Киев, 1988.