МАЛАСПИНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАЛАСПИНА - Алясканын түштүк жээгиндеги тоо этектей жаткан мөңгү. Якутат жана Айси-Бей булундарынын аралыгында. Аянты 2195 кмг. Мөңгүнүн калыңдыгы 610 м. Анын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен 300 м төмөн жайгашкан. Жог. Сьюард (узундугу 55 км) жана Төмөнкү Сьюард (узундугу 32 км) биригип, Сьюард-Маласпина тоо-мөңгү ири комплексин түзүп, деңиз деңгээлинен 1500-2000 м бийиктикте жатат. Врангель тоосу жана Ыйык Илья тоосу улуттук паркынын курамына ки­рет. 20-к-дын 30-жылдарынан баштап мөңгү че­гине баштаган. М. тоо этегиндеги мөңгүлөрдүн жалпы атына айланган.